Депутат 22 жашка толо электерге ата-энесинин уруксатысыз насыя берүүгө тыюу салууну сунуштады
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев 22 жашка толо электерге ата-энесинин уруксатысыз насыя берүүгө тыюу салууну сунуштады.
Анын айтымында, бир студент банктардан 50 миң сомдон насыя ала берип, беш-алты банктан жалпы 600 миң сом алып койгон. Бул боюнча ага ата-энеси кайрылган.
"Үйүндө отуруп эле насыя ала берген", - дейт депутат.
Депутат билдиргендей, бир катар өлкөдө, анын ичинде Америкада 21 жашка толо элек бала ата-энесинин кепилдиги менен гана насыя ала алат.
"Бизде болсо, айылдан чыкпай эле мобилдик тиркеме аркылуу насыя алып жатышат. Аны максатсыз, күнүмдүк нерселерге алып, жумшам жатат", - дейт депутат.
Жаанбаевдин айтымында, быйылкы жылдын тогуз айында эле микрокредиттик компаниялар 2 миллиондой адамга 76 млрд сом насыя берген.
"Насыя айыл чарба, өндүрүшкө же коммерциялык максатта алса жакшы, маселе жок", - дейт ал.
Депутат насыяны алуу жеңил болгондуктан, азыр бир топ жаран кредитка батып калып жатканын белгиледи.
Ал азыр өлкө мыйзамдарында жаран 18ге чыккандан кийин өз алдынча насыя алууга уруксат берилгенин, бирок мунун айынан жаштар карызга батып калып жатканын сөз кылып, 21-22 жашка толо электерге ата-энесинин кепилдиги жок насыя берүүгө тыюу салууну сунуштады.