Жарнама

Окуучулар зомбулук тууралуу жашыруун кабарлай алышат

24.11.26 | 16:32
Окуучулар зомбулук тууралуу жашыруун кабарлай алышат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандагы мектептерде зомбулук фактылары тууралуу жашыруун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген "Коркпо, билдир!" функциясы киргизилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, функция "Э-Күндөлүк" тиркемесинде иштейт. Учурда анын механизмин автоматташтыруу жана тиешелүү органдардын кызматташуусун кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бул маселе 24-ноябрда Бишкекте өткөн "Менин үнүм – менин келечегим" республикалык форумунда айтылды. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерден турган 400 адам катышты.

Ошондой эле зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча 15 миңден ашык мугалим окутулуп, мектептерге психологдордун штаттык бирдиктерин киргизүү жана 500 мектепте шахмат ийримдерин уюштуруу иштери жүрүп жатканы белгиленди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча