Быйыл 9 айда 537 жашы жете элек өспүрүм 754 кылмыш жасаган
2026-жылдын 9 айында республикада 537 жашы жете элек өспүрүм 754 кылмыш жасаган. Муну Башкы прокуратуранын өкүлү Нуртилек Кайыпов «Менин үнүм — менин келечегим» республикалык форумунда билдирди.
Анын маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 1378 кылмыш катталган.
«Кылмыштуулуктун азайышы Башкы прокуратура тарабынан демилгеленген мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдүн аркасында да мүмкүн болду. Тактап айтканда, анча оор эмес жана оордугу азыраак категориядагы кылмыштарды биринчи жолу жасаган балдар үчүн пробациялык көзөмөл жол-жобосун колдонуу менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгү каралган», - деди Кайыпов.
Анын айтымында, кылмышты биринчи жолу жасаган 838 жашы жете элек өспүрүмгө карата 504 кылмыш иши боюнча пробациялык көзөмөл жол-жобосу колдонулган.
«Бул мамлекет жаңылыштык кетирип, биринчи жолу укук бузуу жолуна түшкөн балдарга экинчи мүмкүнчүлүк берерин билдирет. Бул механизмдин маңызы жашы жете элек өспүрүмдү кылмыш жоопкерчилигинен бошотууда гана эмес, аны коомдогу толук кандуу жашоого кайтарууда, туура жашоо жолун тандоого жардам берүүдө жана кайталанган кылмыштардын алдын алууда турат», - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.