Жарнама

Тукумсуздуктан дарыланып жаткандарга акы төлөнүүчү өргүү берүү сунушталууда

24.11.26 | 18:08
Тукумсуздуктан дарыланып жаткандарга акы төлөнүүчү өргүү берүү сунушталууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (СДУИ) тукумсуздуктан дарыланып жаткан кызматкерлер үчүн акы төлөнүүчү өргүү жана эмгек кепилдиктерин киргизүүнү сунуштайт. Демилгени институттун өкүлү Жамал Конокбай кызы тукумсуздукту медициналык-социалдык көйгөй катары талкуулаган конференцияда билдирди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда аялдардын тукумсуздугунун биринчи жолу аныкталган 1 миң 189 учуру катталган (2020-жылы — 836 учур). Ошол эле учурда өлкөдө тукумсуздукка кабылгандардын жалпы так саны белгисиз, ал эми эркектердин тукумсуздугу жана дарыланып жаткан жубайлар боюнча расмий эсеп жүргүзүлбөйт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2023-жылдагы эсебинде дүйнөдөгү ар бир алтынчы адам (калктын 17,5%ы) бул көйгөйгө туш болот, ал эми 1990–2021-жылдары мындай учурлар эркектер арасында 75%га, аялдар арасында 84%га өскөн.

Бул көрсөткүчтөрдөн улам Кыргызстанда төрөттүн суммардык коэффициенти 2019-жылдагы бир аялга 3,9 баладан 2025-жылы 2,58ге чейин азайган. Бишкекте бул көрсөткүч 1,32ни түзүп, калктын жөнөкөй көбөйүү деңгээлинен (2,1) төмөн түшкөн.

Дарылануу учурунда бейтаптар айыз циклинин белгилүү күндөрүндө анализ тапшырып, УЗИ, фолликулометрия жана жатын түтүкчөлөрүнүн өткөрүмдүүлүгүн текшерүүдөн өткөрүшү кажет. Бул процедураларга эмгекке жарамсыздык баракчасы берилбегендиктен, кызматкерлер маянасы сакталбаган өргүү алууга аргасыз.

«Кыргызстанда Эмгек кодекси медициналык текшерүүдөн өтүп жаткан кызматкерлер үчүн айрым кепилдиктерди карайт. Алсак, 112-берене милдеттүү медициналык текшерүүлөр учурунда эмгек акыны сактоону карайт, 113-берене донорлор үчүн кепилдиктерди жөнгө салат. Бирок тукумсуздукту аныктоодон жана дарылоодон өтүп жаткан адамдар үчүн атайын ченемдер жок», - деди адис.

Институт эл аралык тажрыйбага таянууну сунуштайт: Түштүк Кореяда тукумсуздуктан дарыланууга жылына 6 күнгө чейин (анын төртөөнө акы төлөнөт), Жапонияда мамлекеттик кызматкерлерге ЭКУдан өтүүдө 10 күнгө чейин, Мальтада дарылануунун бир циклине 100 саатка чейин акы төлөнүүчү өргүү берилет. Ушундай эле ченем Грецияда да иштейт. Жапониянын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин сурамжылоосунда дарылангандардын 26%дан ашыгы процедуралар менен ишти айкалыштыра албай, жумуштан кетүүгө, иш формасын өзгөртүүгө же дарыланууну токтотууга аргасыз болгону аныкталган.

СДУИ Кыргызстанда төмөнкү механизмдерди киргизүүнү сунуштады:

- медициналык процедуралар учурунда эмгек акыны сактоо;

- тукумсуздуктан дарыланган кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо жана кепилдиктерди аялдарга да, эркектерге да жайылтуу;

- эркектердин тукумсуздугу жана жубайлар тууралуу маалыматтарды кошуу менен статистикалык эсепти өркүндөтүү;

- дарылануунун каржылык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана психологиялык колдоону өнүктүрүү.

«Адам жумушту жана маянаны сактап калуу же зарыл болгон дарылануудан өз убагында өтүү деген тандоонун алдында калбашы керек», - деди институттун өкүлү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча