Саламаттыкты сактоо министрлиги дары сатып алуудагы ката үчүн 73 жетекчини жазалады
Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы аркылуу борборлоштурулган тартипте сатып алынуучу дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга өтүнмөлөрдү өз убагында жана сапаттуу түзүү маселеси каралды.
Маселени кароого саламаттык сактоо уюмдары тарабынан 2027-жылга карата өтүнмөлөрдү түзүүдө көптөгөн каталарга жол берилгени, ошондой эле өтүнмөлөрдүн өз убагында берилбегени себеп болду. Натыйжада министрлик зарыл болгон дары-дармек жана медициналык буюмдарды мониторингдөө, сатып алуу жана жеткирүү мөөнөттөрүн бир нече жолу жылдырууга аргасыз болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2027-жылга карата дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууга өтүнмөлөрдү түзүү жана өз убагында берүү боюнча белгиленген тартиптин бузулганы аныкталды.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дары-дармектерге болгон муктаждыкты аныктоодо кетирилген каталар документ жүгүртүүнүн мөөнөттөрүн бузуу гана эмес, бейтаптарды зарыл болгон дары менен камсыз кылууга түздөн-түз таасирин тийгизген маселе экенин белгиледи.
Анын айтымында, туура эмес түзүлгөн өтүнмөлөр дары-дармектерди ашыкча сатып алууга жана мамлекеттик каражаттарды натыйжасыз пайдаланууга, ошондой эле дары-дармектердин жетишсиздигине алып келиши мүмкүн. Ошондуктан ар бир саламаттык сактоо уюму өзүнүн чыныгы муктаждыгы тууралуу так, негиздүү жана текшерилген маалыматтарды берүүгө тийиш. Өтүнмөлөрдүн туура түзүлүшүнө саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жооптуу.
Маселени кароонун жыйынтыгы боюнча коллегия белгиленген талаптарды бузууга жол берген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине карата тартиптик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Атап айтканда:
38 жетекчиге жана кызмат адамына эскертүү берилет;
29 жетекчиге сөгүш берилет;
3 жетекчиге катуу сөгүш берилет;
3 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулат.
Мындан тышкары, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын бир катар кызмат адамдарына карата тиешелүү жоопкерчилик чараларын колдонуу маселесин кароо үчүн Министрлер Кабинетине сунуштамалар жөнөтүлөт.
Министр белгиленген чаралар айрым жетекчилерге карата жеке мамиле эмес, тартипти, жоопкерчиликти жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткарууну камсыз кылууга багытталганын белгиледи. Ал мындай мыйзам бузуулар кайталанган учурда ээлеген кызматынан бошотууга чейин кыйла катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.