Жарнама

"Дарыгердин депозити" программасы боюнча 864 дарыгер иштеп жатат

25.11.26 | 09:26
"Дарыгердин депозити" программасы боюнча 864 дарыгер иштеп жатат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Дарыгердин депозити" программасына учурда өлкө боюнча 864 дарыгер тартылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов министрликтин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, программа аймактарда иштеген дарыгерлерге дем берүүчү төлөмдөрдү карайт. Анын алкагында адистерге кварталына 66 миң сомдон төлөнөт.

Программа Баткен облусунда кыйла жигердүү колдонулуп, учурда бул аймакта 190дон ашык дарыгер иштеп жатат. Ал эми Чүй облусунда программанын катышуучуларынын саны 30га жакын.

Министр медициналык уюмдардын жетекчилерин дарыгерлерди аймактарга тартуу жана аларды туруктуу иштетип калуу үчүн мамлекеттик колдоо механизмдерин активдүү пайдаланууга чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча