Жарнама

Бишкектеги Онкология борборунда нур терапиясы аппараты бир айдан бери иштебей турат

25.11.26 | 09:44
Бишкектеги Онкология борборунда нур терапиясы аппараты бир айдан бери иштебей турат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда нур терапиясы аппараты бир айдан ашык убакыттан бери иштебей, бейтаптар дарылануу үчүн кезек күтүүгө аргасыз болушууда. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучуларынын бири жазды.

Борбордун директору Бахадыр Бебезов 24.kg агенттигине бул маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, Улуттук онкология жана гематология борборунда төмөнкү жабдуулар бар:

Бабатрон II (2017-жылкы) — нур менен дарылоо үчүн дистанциялык гамма-терапия медициналык аппараты (иштеп жатат);

Эки сызыктуу ылдамдаткыч (2021-жылкы) (иштеп жатат);

АГАТ-ВТ (2016-жылкы) — брахитерапия үчүн (иштеп жатат);

Флекситрон-1 (2022-жылкы) — брахитерапия үчүн (иштеп жатат);

Флекситрон-2 (2022-жылкы) — брахитерапия үчүн (иштеп жатат);

Терад 200 (2019-жылкы) — жакын фокустуу рентгенотерапия үчүн (сырткы шишиктерди дарылоо үчүн). Ал иштебей турат.

Бардык жабдуулардын кепилдик мөөнөтү өтүп кеткен.

«Азыркы учурда инженерлер «Терад 200» аппаратынын эмнеси бузулганын аныкташты. Биз 283,4 миң сомго тетиктерди сатып алууга тендер жарыялап, өткөрдүк (14 күн). 17-ноябрда жеткирүү боюнча келишим түзүлдү, жеткирүү мөөнөтү 30 жумуш күнүн түзөт.Өндүрүүчү завод Беларуста жайгашкан, Кыргызстанда анын өкүлдөрү жок», — деп кейиди Бебезов.

Ал радиологиялык жабдуулардын бардык паркын сервистик тейлөө үчүн 2027-жылга 20 миллион сом кароо зарыл экенин белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча