Тез жардам унаасына жол бербеген айдоочу жазаланды
25.11.26 | 10:24
Бишкекте тез жардам унаасынын айдоочусу менен «Тойота» айдоочусунун ортосунда кайым айтыш орун алды.
Окуя 24-ноябрь күнү кечки саат 22:00 чамасында болгон.
Милициянын кайгуул кызматы маалымдагандай, жеңил унаанын айдоочусу атайын транспортко жол бошотпой койгон. Андан кийин ал медицина кызматкерлерин сөгүп, окуя болгон жерден кетип калган.
Кайгуул кызматкерлери айдоочуну аныктап, тиешелүү чара көрүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткиришти.
Айдоочуга карата жалпы суммасы 11 000 сомго, ошондой эле майда бейбаштык боюнча протоколдор түзүлдү. Андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: