Тик учактын кыйрашы боюнча эки аскер жетекчиси кармалды
2024-жылы Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашына байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар кылмыш ишин тергөөнүн алкагында топтолгон материалдардын жана соттук-техникалык экспертизалардын корутундуларынын негизинде кармалган.
Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында №23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунда окуу-машыгуу учуусун аткарып жаткан Ми-8 тик учагы кыйраган. Кырсыктын кесепетинен тик учактын командири каза болуп, дагы 10 аскер кызматкери ар кандай жаракаттарды алган. Мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 млн сомдон ашкан.
Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси бар экендиги аныкталган Коргоо министрлигинин командалык курамындагы кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.