Жарнама

Шылуундар Мирбек Атабековдун элесин колдонуп дары сатууда

25.11.26 | 10:33
Шылуундар Мирбек Атабековдун элесин колдонуп дары сатууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн катталуучуларына кайрылуу жасады.

Кайрылуусунда жасалма интеллект аркылуу адамдын жүзүн, үнүн өзгөртүү менен жасалма видеолор кантип жасала турганын көрсөтүп, сак болууга чакырды.

"Азыркы учурда жасалма интеллекттин жардамы менен менин жүзүмдү, үнүмдү пайдаланып дары-дармек сатышы мүмкүн, бизнес сунушташы ыктымал. Мен өзүм дагы интернетте "Чудо лекарство" деген дарынын жарнамасын көрүп калдым, ал дары бардык оорулардан "айыктырат" экен. Жада калса рактан дагы. Алданбагыла",- деди Атабеков.

Ошондой эле интернет шылуундарынан кантип коргонуу керектиги боюнча бир нече кадамдарды жазып кеткен.

Жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган алдамчылыктан кантип коргонсо болот?

Бир нече жөнөкөй эрежени эске алыңыз:

1. Маалыматтын баштапкы булагын текшериңиз: аны ким жарыялаган жана бул чын эле расмий аккаунтпу?

2. Маалыматты башка ишенимдүү булактардан, тактап айтканда, текшерилген ЖМКлардан же уюмдардын расмий сайттарынан тастыктаңыз.

3. Сүрөттөрдүн аныктыгын Гугл Линс же ТинЕ (Google Lens, TinEye) аркылуу текшериңиз.

4. Эгер таанышыңыз телефон же видео байланыш аркылуу акча которууну суранса, ага башка номер аркылуу өзүңүз байланышып, тактап алыңыз.

5. Шектүү шилтемелерге кирбеңиз жана сыр сөздөрдү, ырастоо коддорун эч кимге билдирбеңиз.

6. Шашылыш чечим кабыл албаңыз, айрыкча сизди шаштырып же кысым көрсөтүп жатышса.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча