Жарнама

Өлкөдө үч өткөрмө пунктунда фитосанитардык сертификат берүү токтотулат

25.11.26 | 11:06
Өлкөдө үч өткөрмө пунктунда фитосанитардык сертификат берүү токтотулат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2026-жылдын 10-декабрынан тартып "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пункттарында экспорттук фитосанитардык сертификаттарды берүү токтотулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары экспорттоочулар фитосанитардык сертификаттарды Бишкек шаарындагы "БишкекТрансСервис" (БТС) логистикалык борборунан күнү-түнү ала алышат. Аталган борбордо тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, документтер таризделет.

БТС логистикалык борборунун дареги: Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 78 (Түндүк айланма жол, "Дордой" базарынын аймагы).

Белгиленгендей, бул өзгөртүү экспортко чыгарылган продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу, фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн эскертүүлөрдүн санын азайтуу максатында киргизилүүдө.

Ошол эле учурда "Ак-Тилек", "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" пункттарында чет өлкөдөн Кыргызстанга ташылып келинген продукцияга карата карантиндик фитосанитардык көзөмөл мурдагыдай эле улантылат.

Ведомство экспорттоочулардан жүктөрдү жөнөтүүнү пландаштырууда бул өзгөртүүнү эске алып, фитосанитардык сертификаттарды БТС логистикалык борборунан алдын ала тариздөөнү суранат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча