Депутат министрликтердин иш убактысын саат 7:00гө жылдырууну сунуштады
Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте көчүрүлүп жаткан №21 тергөө абагынын ордуна эс алуу багын курууну, айрым министрликтердин иш графигин өзгөртүүнү жана чет элдиктерге жашап турууга уруксат берүүнү жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.
Учурда Горький көчөсүндө жайгашкан тергөө изолятору шаардан сырткары көчүрүлүүдө. Депутат шаар тургундары бошогон жерге көп кабаттуу турак жайларды эмес, жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар сейил бак курууну суранып жатканын билдирди.
«Курулуш компанияларынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жана мэриянын бул жерге кызыгуусу чоң экенин түшүнөм, бирок жарандардын ден соолугун ойлойлу», - деди ал
Мындан тышкары, борбор калаадагы унаа тыгындарын азайтуу үчүн эксперимент катары бир нече министрликтин иш убактысын саат 9:00дөн 7:00гө жылдыруу демилгеленди. Буга чейин жогорку окуу жайлардын студенттеринин сабактары саат 10:00гө которулган. Жаңы сунушка ылайык, кызматкерлер жумушун саат 7:00дө баштап, 16:00дө аякташат.
Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен баш кошкон чет элдиктерге, өзгөчө Казакстандын жарандарына жашап турууга уруксат (ВНЖ) берүү тартибин жөнөкөйлөтүү маселеси көтөрүлдү. Учурда процедура татаал болгондуктан, калкты тейлөө борборлорунда так маалымат жетишсиз. Буга байланыштуу эрежелерди жеңилдетип, көрүнүктүү жерлерге маалыматтарды илүү сунушталды.