Депутат самокат, скутерлерди автобус тилкесине өткөрүүнү сунуштады
25.11.26 | 11:27
Самокат, скутер жана мопеддерди тротуардан алып, автобус тилкесинде жүргүзүү керек. Мындай сунушун депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште айтты.
Эл өкүлү жеке мобилдүүлүк каражаттарына толук тыюу салууга болбой турганын белгиледи. Анткени аларды жаштар колдонот жана мындай тыюу жеткирүү кызматтарына да сокку урат.
"Тротуар самокат, мопеддерге ылайыкташкан эмес", — деди ал.
Депутат бул каражаттарды 18 жаштан гана колдонууга уруксат берүүгө да каршы чыкты. Анын айтымында, тракторду 16 жаштан, мопедди 17 жаштан айдоого уруксат берилгендиктен мындай чектөө логикага туура келбейт.
Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттары кириптер болгон жыол кырсыктары байма-бай катталып келет.
Редактор
Редактор
Поделиться: