Жарнама

Лебединовкада автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды

25.11.26 | 11:31
Лебединовкада автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 25-ноябрда, эртең менен Жеңиш проспектинде болгон. Тез жардам кызматына чакыруу саат 07:43тө түшүп, окуя болгон жерге беш бригада тартылган.

Кырсыктан жабыркаган үч адам башынан жаракат алып оорукананын нейротравма бөлүмүнө, дагы бири бетинен жараат алып, жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылды. Автобустун 43 жаштагы айдоочусунун буттары кысылып калган.

Ал эми жабыркаган дагы бир бала Тез жардам бригадасы барганга чейин ооруканага жеткирилген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча