Депутат: Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 36,5 миңге жетти
Кыргызстанда 2026-жылы расмий түрдө майыптыгы бар 36 миң 486 бала катталган. Акыркы он жылда алардын саны болжол менен 6,5 миңге көбөйдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржамал Төрөбекова билдирди.
Анын айтымында, расмий статистика боюнча, 2016-жылы өлкөдө майыптыгы бар 30 миңге жакын бала болгон. Ошентип, жыл сайын алардын саны орточо эсеп менен 900–1 миң адамга көбөйүүдө.
Ошол эле учурда эл өкүлү кеп расмий каттоодон өткөн балдар жөнүндө гана болуп жатканын баса белгиледи.
Ал майыптыгы бар адамдар мурдагыдай эле көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгиледи. Алар үчүн медициналык жана социалдык реабилитациядан өтүү, сапаттуу билим алуу, жумуш табуу, коомдук транспорттон пайдалануу жана коомдук имараттарга тоскоолдуксуз кирүү кыйын.
Нуржамал Төрөбекова мамлекеттик реабилитациялык борборлордун жетишсиздигине өзүнчө токтолду. Мындан улам ата-энелер жеке менчик мекемелерге кайрылууга аргасыз болушууда, ал жакта баланы реабилитациялоо, анын эсеби боюнча, үй-бүлөгө ай сайын 50–60 миң сомго түшөт.
Көйгөйдү чечүү жолу катары депутат мамлекеттик жана муниципалдык имараттарды жеке реабилитациялык борборлорго жеңилдетилген шарттарда берүүнү сунуштады. Анын пикиринде, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын 200–300 сомго чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Нуржамал Төрөбекова социалдык мекемелерде пандустардын, атайын жабдуулардын жана тийиштүү санитардык шарттардын жоктугуна көңүл бурду. Анын айтымында, мектептерде атайын даярдалган педагогдор жана логопеддер, ошондой эле майыптыгы бар балдарды окутуу үчүн зарыл шарттар жетишсиз.
Эл өкүлү ишке орноштуруу чөйрөсүндө да көйгөйлөр бар экенин баса белгиледи. Майыптыгы бар көптөгөн адамдар кесиптик көндүмдөргө ээ жана иштөөгө даяр, бирок эмгектик жактан өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигине туш болушууда.
Ал жеткиликтүү жумуш орундарын түзүүнү, иш берүүчүлөрдү кызыктыруу механизмдерин иштеп чыгууну, кесиптик окутуу программаларын кеңейтүүнү жана аралыктан иштөөнү өнүктүрүүнү сунуштады.