Жарнама

Газдын көрсөткүчтөрүн кантип жана качан берүү керек?

25.11.26 | 12:02
Газдын көрсөткүчтөрүн кантип жана качан берүү керек? КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы өз абоненттерине ай сайын 15инен 30уна чейин газ эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жөнөтүп турууну өтүнөт.

Түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, ар бир керектөөчү ай ичинде жаратылыш газын керектөө көлөмү нөлгө барабар болсо да, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн үзгүлтүксүз берип турууга милдеттүү. Бул, биринчи кезекте көрсөткүчтөрү автоматтык түрдө жөнөтүлбөгөн газ эсептегичтери бар батирлердин жашоочуларына, ошондой эле эски үлгүдөгү эсептегичтерди колдонгон жеке үй ээлерине тиешелүү.

Эгерде абонент жаратылыш газын убактылуу пайдаланбай турууну пландап жатса, бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясына алдын ала билдирүүсү зарыл. Тиешелүү арызды компаниянын расмий сайтындагы жеке кабинет же «Мой газ» мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан берүүгө болот.

Эсептегичтин көрсөткүчтөрү өз убагында берилбеген учурда, төлөм суммасы газдын орточо айлык керектөөсүнө жараша эсептелет.Ал эми көрсөткүчтөр үч айдан ашык катары менен берилбесе, эсептөө белгиленген ченемдерге ылайык жүргүзүлө баштайт. Мунун натыйжасында эсеп дүмүрчөктөгү сумма иш жүзүндө пайдаланылган газдын көлөмүнө караганда жогору болушу мүмкүн.

Эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн төмөнкү жолдор аркылуу берүүгө болот:

 

·       «Мой газ» мобилдик тиркемеси аркылуу;

 

·       gazprom.kg сайтындагы жеке кабинет аркылуу;

 

·       4444 кыска номери аркылуу;

 

·       0701 68-07-07 WhatsApp номери аркылуу;

 

·       @gazpromkg_bot Telegram-боту аркылуу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча