Чек ара тосмолорун бузгандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда
Кыргызстанда чек ара тосмолорун атайылап бузгандык үчүн кылмыш жоопкерчилигин, ал эми этиятсыздыктан улам, анын ичинде үй жаныбарлары тарабынан зыян келтирилген учурда айып пул салууну киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Документтин демилгечиси — депутат Бакытбек Калпаев. Мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, Кыргызстандын чек арасында, анын ичинде Тажикстан менен чектеш тилкелерде тикенектүү зымдарды бузуу жана кесип кетүү учурлары туруктуу катталып келет.
Демилгечинин маалыматы боюнча, тосмолор көбүнчө өткөрүү жайларын айланып өтүп, мыйзамсыз мал айдап өтүү жана товарларды ташуу максатында бузулат.
Кылмыш-жаза кодексин жаңы 378-1-берене менен толуктоо сунушталууда. Анда чек араны мыйзамсыз кесип өтүү же товарларды, жаныбарларды жана башка буюмдарды өткөрүү максатында чек ара инфраструктурасын атайылап бузуу, жок кылуу же жараксыз абалга келтирүү үчүн жаза каралган.
Мындай аракеттер үчүн 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салуу, эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартуу же ошол эле мөөнөткө эркинен ажыратуу сунушталууда.
Эгерде кылмыш адамдар тобу тарабынан же алдын ала сүйлөшүү боюнча жасалса, жаза үч жылга чейин эркинен ажыратууну же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салууну түзөт.
Эң катаал жаза уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун аракеттери үчүн же чек арачыларга карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу менен тосмолорду бузгандык үчүн каралган. Мындай учурларда үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталат.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда чек ара инфраструктурасына этиятсыздыктан зыян келтиргендик үчүн өзүнчө жоопкерчилик каралган.
Атап айтканда, эгерде ээси же малчы тарабынан тийиштүү көзөмөл болбогондуктан үй малы тосмону бузса, жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынышы мүмкүн.
Түшүндүрмө катта тосмолордун бузулушу мамлекеттин аларды калыбына келтирүүгө кошумча чыгым тартышына алып келери жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шарт түзөрү баса белгиленген.
Муну менен катар жаңы кылмыш беренеси чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын баш паанек алуу укугун ишке ашыруу үчүн келген учурларына жайылтылбайт.