Жарнама

Депутат бала бакчаларды толук кыргызчага өткөрүү керектигин айтты

25.11.26 | 13:33
Депутат бала бакчаларды толук кыргызчага өткөрүү керектигин айтты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова бала бакчаларда билим берүүнү толугу менен кыргыз тилине өткөрүүнү жана чет элдик, эл аралык, орус тилдүү мектептерде сабактардын кеминде 30 пайызын кыргыз тилинде окутууну сунуштады.

Анын пикиринде, балдар кыргыз тилин күнүмдүк окуу процессинде колдонбосо, аны жетиштүү деңгээлде үйрөнө алышпайт. Ошондуктан Агартуу министрлиги менен биргеликте бул багытта стратегия иштеп чыгып, тиешелүү талаптарды киргизүү зарыл.

"Бала бакчаларды 100 пайыз кыргызчага өткөрбөсөк, шаардагы балдарыбыз кыргыз тилин эч качан үйрөнө албайт. Орусчаны, англисчени алар бат эле үйрөнүп алышат. Экинчиден, эл аралык жана башка тилдерде билим берген мектептерде сабактардын 30 пайызын кыргызча окутуу керек. Эл аралык мектептердеги балдарыбыз такыр эле Европанын балдары болуп калды", — деди депутат.

Кыргыз тили жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Агартуу министрлигинин түздөн-түз компетенциясына кирген маселелерге комиссия кийлигише албайт. Ошол эле учурда окуу куралдарын даярдоо, терминологияны өнүктүрүү багытында министрлик менен кызматташтык жүргүзүлүүдө. Мураталиев ата-энелердин балдарын кыргыз тилдүү класстарга жана тайпаларга бербегени да көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Буга жооп кылган Махабат Мавлянова сапаттуу кыргыз тилдүү класстар жетишсиз экенин айтып, ата-энелерге балдарын кыргызча окутуу үчүн шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча