Жарнама

Балыкчыда 8 миллиону тонолгонун айткан жаран окуяны өзү уюштурганы айтылууда

25.11.26 | 14:17
Балыкчыда 8 миллиону тонолгонун айткан жаран окуяны өзү уюштурганы айтылууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көлдө тонолгонун билдирип милицияга кайрылган жаран кылмышты өзү уюштурганы маалым болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 23-ноябрында Балыкчы шаардык ооруканасына 1988-жылы туулган С.Э. аттуу жаран мойнунан бычак менен жаракат алып түшкөн. Анын айтымында, белгисиз адамдар каракчылык жасап, анын 8 миллион 600 миң сомун тартып алышкан. Натыйжада, бул факт каттоого алынып, 207-берененин 3-бөлүгү (Каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

"Тергөөнүн жүрүшүндө, жабырлануучу катары кайрылган С.Э. жоопкерчилиги чектелген коомдордун биринде акча ташыгыч болуп иштеп, төлөм терминалдарынан чогулган акчаны банкка өткөрүп турган. Ал 23-ноябрда чогулган 7 миллиондон ашык сомду асынма баштыкка салып, атасынын дачасына калтырып, кийин агасы менен биргеликте акчаны башка дачанын короосуна катып коюшкан. Андан соң С.Э. жолдун боюндагы бактардын арасынан, кеңсе бычагы менен өз мойнуна эки жолу жаракат келтирип, каракчылыкка кабылгандай түр көрсөткөн",- деп билдирди мекеме.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча