Алагөзов кол топтоо процессин саясатташтырбоого чакырды
8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир эмес, бир нече президенттикке талапкерди колдоп, кол коё алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, жакында эле мамлекет башчысы Садыр Жапаров шайлоого байланыштуу жарандарга кайрылып, "Түндүк" тиркемеси аркылуу бардык талапкерлердин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырган. Президенттикке талапкер болом дегендер да өз кезегинде жарандарга ушундай кайрылууларды жасап жатышат.
"Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калгандыктан, бул маселенин маанисине дагы бир жолу токтолгум келип турат. 8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир эмес, бир нече талапкерди колдоп, кол коё алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири", — деп белгиледи Алагөзов.
Ал ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерге жана кесиптештерге кол топтоо боюнча туура маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүп берүүгө чакырды.
"Антпесек, 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн. "Түндүктө" эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу", — деп жазды ал.
Алагөзов шайлоо өлкөнүн саясий турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, анын таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшү үчүн салым кошууга чакырды.