Жарнама

Өспүрүмдөргө самокат жана мопед тебүүгө чектөө киргизүү сунушталды

25.11.26 | 16:45
Өспүрүмдөргө самокат жана мопед тебүүгө чектөө киргизүү сунушталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Айрым мыйзам актыларына ("Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Депутат Медер Чотонов белгилегендей, мыйзам долбоору жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле өлкө аймагында жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү кызматтарын көрсөтүүнү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануусуна чектөө киргизүү жана аларды ижарага берген компаниялардын жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча