Президент эки мэр менен төрт акимди кызматтан алды
25.11.26 | 17:49
Президент Садыр Жапаров бир катар район акимдерин жана шаар мэрлерин ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты.
Кызматтан алынгандардын тизмеси:
Бекмаат Масаидов — Панфилов районунун акими;
Сейтек Кулубаев — Баткен шаарынын мэри;
Улан Майлибашев — Кант шаарынын мэри;
Баялы Досалиев — Кочкор районунун акими;
Нурлан Эшмукамбет уулу — Тогуз-Торо районунун акими;
Эрмек Бахавидинов — Жети-Өгүз районунун акими.
Редактор
Редактор
Поделиться: