Автобуста адепсиз аракеттерди жасоого шектелген чет элдик өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн
Бишкекте милиция автобуста адепсиз мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп шектелген чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, Instagram социалдык тармагында коомдук транспортто адепсиз аракеттерди жасаган чет элдикке карата чара көрүү өтүнүчү менен билдирүү пайда болгон.
Бул факт милициянын эсепке алуу журналына катталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө анын өздүгүн аныкталып, 2006-жылы туулган А.G. аттуу чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилген.
Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Текшерүү материалдары чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
Милициянын билдирүүчүндө чет элдиктин Кыргызстандын аймагында мындан ары жүрүүсү, анын ичинде аны өлкөдөн чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе караштырылары кошумчаланат.