Жарнама

Эреже бузган айдоочулар 10 айда 2.4 млрд сомдон ашык айыппул төлөдү

26.11.26 | 09:40
Эреже бузган айдоочулар 10 айда 2.4 млрд сомдон ашык айыппул төлөдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жол эреже бузуп, "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган айдоочулар 2026-жылдын он айында бюджетке дээрлик 2 млрд 422.6 млн сом айыппул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

2025-жылдын он айына караганда быйылкысында ушул айыппулдардан түшкөн акча 1 млрд 119.1 млн сомго көбөйгөн. Былтыр он айда өлкө казынасына 1 млрд 303.4 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт ушул айыппулдардан бюджетке түшкөн акчанын 50%ы Саламаттык сактоо министрлигине берилсин деген чечим кабыл алган. Ал акча тез жардам унааларды жана аларга керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча