Чек арачылар 4 миң сомго чейин акча алып, жасалма документ жасашкан
«Эркеч-Там» чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма өткөрмө кагаздарын даярдоо жана берүү фактысы аныкталды, деп маалымдады Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин айрым аскер кызматкерлери жарандарга 1 000 сомдон 4 000 сомго чейин акчалай сый акы алуу менен системалуу түрдө жасалма өткөрмө кагаздарын даярдап, берип келишкен. Бул факт боюнча Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө 2 аскер кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул окуяга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.