Чет өлкөлүктөргө медициналык документ жасап берип жүргөндөр кармалды
26.11.26 | 10:25
Медициналык документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жалпы дарыгердик практика борборлорунун биринин кызматкерлери чет өлкөлүк жарандарга иш жүзүндө медициналык кароодон өткөрбөстөн, №086 формадагы медициналык маалым каттарды мыйзамсыз тариздеп келишкендиги аныкталды. Алар бул үчүн акчалай сый акы алып турушкан. Ал эми маалым каттар кийин өлкө аймагында мыйзамдаштыруу максатында пайдаланылган.
Буга байланыштуу медициналык мекеменин А.А.З. аттуу кызматкери кармалды жана чет өлкөлүк Ш.Д. аттуу жаран тергөө абагына камакка алынды.
Учурда тергөө уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: