Жарнама

Депутат: Бишкекте коомдук даараткана аз болгондуктан эл алдында заара ушаткандар көп болууда

26.11.26 | 10:35
Депутат: Бишкекте коомдук даараткана аз болгондуктан эл алдында заара ушаткандар көп болууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Депутат Улукбек Карыбек уулу бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкекте коомдук дааратканалардын жетишсиз экенин айтып, мэриядан бул маселени 2027-жылдын бюджетине киргизүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал жыйындагы сөзүндө айтты.

Депутаттын айтымында, бир жаран ага эл алдында муктаждыгын кылып жаткан адам тартылган видеону жөнөткөн. Карыбек уулу мындай учурлар шаардын борборунда буга чейин да бир нече жолу катталганын эске салды.

Ал көйгөйдү жарандардын жеке маданиятына эмес, шаардын инфраструктурасындагы кемчиликке байланыштырды. «2GIS» сервисинин 2025-жылдагы маалыматы боюнча, Бишкекте 156 коомдук даараткана болгон. Депутат алардын көпчүлүгү иштебей турганын, иштегендери түнкүсүн жабык болорун кошумчалады. 

Депутат туристтердин агымы жыл сайын көбөйүп жатканын жана Бишкекте 2 миллионго жакын адам жашаарын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, мурда шаардын коомдук жайларында 26 даараткана курулары жана бул үчүн 16 жер тилкеси бөлүнгөнү жарыяланган, бирок иш жүзүндө иш илгерилеген эмес.

«Мэрия ушул боюнча расмий маалымат берип, 2027-жылы коомдук даараткана маселесин чечип берсин», - деди ал.

Төрага Марлен Маматалиев депутаттын сунушун колдоду. Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү аялдамалар жарандар күтүп отура турган, кышында жылынып, жайында ысыктан коргоно турган жана дааратканасы бар жай катары киргизилген. Төраганын сөзүнө караганда, азыр ал аялдамаларга кишилерди киргизбей, аларды соода жайына айлантып алышкан.

«Соода кылгандан сырткары, сөзсүз түрдө жөнөкөй жарандарыбыз ичине кирип жылынгандай, чоң экрандан автобусунун келе жатканын көрө тургандай мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керек», - деди ал.

Төраганын маалыматы боюнча, маселе тийиштүү комитетте каралат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча