Жарнама

Депутат мектеп, бала бакча жана эмканаларда акысыз логопед, психолог кызматын ачууну сунуштады

26.11.26 | 11:09
Депутат мектеп, бала бакча жана эмканаларда акысыз логопед, психолог кызматын ачууну сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Депутат Бурул Аманова бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү министрлигине мектептерде, бала бакчаларда жана эмканаларда мамлекеттик акысыз логопед жана психолог кызматын уюштурууну тапшырууну сунуштады.

Анын айтымында, балдардын тили кеч чыгып жаткандыгына байланыштуу ата-энелерден кайрылуулар түшүүдө. Ата-энелер жеке логопеддерге жана психологдорго кайрылганда мындай кызматтын 35 мүнөтү болжол менен 1000 сом, эң жогорку баасы 1200 сом турат.

Балдарды бир жолу эмес, системалуу түрдө 2-3 ай, кээде жыл бою алып барууга туура келет. Ата-энелер бул чоң чыгымга алып келерин айтып кайрылып жатышат.

«Министрликке тапшырма берип, ошол логопеддерди, психологдорду мектептерде, бала бакчаларда, эмканаларда бекер кылып ачып койсо, өсүп келе жаткан балдардын тил маселесине жана башка көйгөйлөрүнө көңүл буруп, жаш ата-энелерге көмөк көрсөтсө деген сунушту айтат элем», - деди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча