Жарнама

Кыргызстанда интернет шылуундарына алдангандардын чыгымы 1,4 млрд сомдон ашты

26.11.26 | 11:40
Кыргызстанда интернет шылуундарына алдангандардын чыгымы 1,4 млрд сомдон ашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда интернет алдамчылыгынан улам келтирилген зыян 1 миллиард 419 миллион сомдон ашканын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Ал тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө зыяндын 20,3% же 288 миллион сомдон ашык каражат кайтарылганын тактады.

“Ыкчам издөө ишчалараында 688 адам кармалып, 33 кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлган. Аларга байланыштуу 44 кылмыш ишинин фактысы аныкталган. Дропперликке байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине байланыштуу 663 иш козголуп, 208и сотко жөнөтүлгөн”, - деди Аширхожаев.

Ал 2026-жылдын он айында кылмыштын ушул түрү боюнча 1 миң 663 иш өндүрүштө болуп, 544үнүн бети ачылганын кошумчалады.

ИИМ интернет алдамчылыгына жол бербөө үчүн Улуттук банк, уюлдук операторлор жана башка мекемелер менен кызматташып жатканын тактады.

Уюлдук операторлор тарабынан 2026-жылдын башынан бери чалуучунун номуру Кыргызстандын номуруна алмаштырылып көрсөтүлгөн 52 миллион 58 миң 337 чалууга бөгөт коюлган. Өлкө ичинде абоненттик номурду алмаштырып көрсөтүү фактылары боюнча 18 миң 913 номур аныкталып, бөгөттөлгөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча