Жарнама

Бишкекте мыйзамсыз онлайн-казино уюштурулган жайдан 276 оюн автоматы табылды

26.11.26 | 12:33
Бишкекте мыйзамсыз онлайн-казино уюштурулган жайдан 276 оюн автоматы табылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Борбор калаада онлайн-казинону мыйзамсыз ачкан жерден 276 оюн автоматы табылды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына онлайн-кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруп, өткөрүп жаткан жай тууралуу маалымат түшкөн.

Бул жайдын башкалардан айырмасы — кумар оюндары кадимки эле оюн автоматтарынын жардамы менен, бирок онлайн түрүндө өткөрүлүп турган. Кыргызстандан тышкары жүргөн чет элдик жарандар телефон аркылуу бул автоматтарга аралыктан кошулуп, акча сайып ойноп келгени айтылды.

"Иш козголгондон кийин тергөөнүн алкагында аталган жайда тинтүү жүрүп, кумар оюндарын өткөрүү үчүн колдонулган 276 оюн автоматы табылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө онлайн-казино уюштурган компания 2024-жылы расмий каттоодон өтүп, лицензия алганы белгилүү болду. Ошого карабастан, ишкана түзүлгөндөн бери казынага бир да тыйын салык төккөн эмес", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кирешелерди жашыруу жана салыктан качуу фактылары да текшерилүүдө. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча