Улуттук банк: Алданып насыя алуу учурлары азаюуда
Кыргызстанда алдамчылык жолу менен берилген онлайн насыялар боюнча фактылар 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде 17ге чейин азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Улуттук банк Ички иштер министрлиги жана коммерциялык банктар менен биргеликте ченемдик база түзүп, банк жана интернет чөйрөсүндөгү алдамчылыктан коргонуунун негизги механизмдерин кабыл алган. Алардын катарында насыя алуудагы «тоңдуруу» мезгили, насыяга өзүү тыюу салуу механизми жана милдеттүү антифрод-системалар бар.
2026-жылдын 10 айында Улуттук банкка 960 арыз түшүп, алар боюнча ИИМ менен биргеликте текшерүү жүргүзүлгөн. Механизмдер ишке киргенден кийин көрсөткүчтөр төмөндөгөн: биринчи чейректе 60 факт катталса, экинчи чейректе — 38, үчүнчү чейректе — 17.
Насыялар боюнча «тоңдуруу» мезгилин 300дөн ашык жаран колдонгон. Локалдык антифрод-системалар банктардын 70 пайызында иштейт, калган банктар менен иш жүрүүдө. Мындан тышкары, карталарды жана кирүү маалыматтарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салуу аркылуу кардарлардын укуктарын коргоо чаралары көрүлүүдө.
Ошол эле учурда онлайн насыялар боюнча даттануулар кыскарганы менен, социалдык инженериянын эсебинен келтирилген зыян өсүүдө.
«Кийинки зарыл кадам — маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде алмашуу үчүн бирдиктүү антифрод-платформа түзүү», - деди Аттокуров.
Борбордук антифрод-системаны түзүү боюнча ИИМ, Улуттук банк жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен турган жумушчу топ 2024-жылдан бери иштеп келет, анын курамы 2026-жылдын январында кеңейтилген. Техникалык тапшырма даярдалып, система кийинки жылы ишке ашырылышы мүмкүн. 2026-жылдын 5-июлунда алдамчылык боюнча маалымат алмашуу тууралуу келишим түзүлгөн.
Борбордук система эки баскычтан турат: азыр биринчи баскычтагы модуль иштелип чыгууда, андан кийин бирдиктүү каттоо модулуна интеграциялоо башталат. Долбоордук иштер Башкы прокуратура жана мамлекеттик ишкана менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Улуттук банкта регулятивдик банктык отчеттуулук да киргизилген. Статистиканын негизинде мыйзамдарды өзгөртүү зарылчылыгы жаралса, Улуттук банк Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштар менен кайрылат.