"Нур Умра Трэвелдин" аккредитациясы жокко чыгарылды
"Нур Умра Трэвел" ЖЧКсынын 2026-2027-жылдардагы умра сезонунда зыяратчыларды жөнөтүү жана сапарды уюштуруу боюнча аккредитациясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын бин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 25-ноябрда Ажылык жана умра сапарына даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Ошондой эле компания менен КМДБнын ортосунда түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотуу чечими чыгарылган.
Ушуга байланыштуу жарандарга аталган компания аркылуу умра сапарына катталбоо, келишим түзбөө жана акча төлөбөө эскертилди. Компаниядан сертификат алгандарга да сапарга чыкпоо сунушталды.
Муфтият умрага барууну пландаган жарандарды туристтик компаниянын аккредитациясын жана сапар уюштурууга укугу бар экенин алдын ала текшерүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган компания аркылуу умрага барууну көздөгөн 140ка жакын кыргызстандык виза жана авиабилет маселесинен улам Ташкентте калып калганы маалымдалган. Буга байланыштуу компаняинын жетекчиси кармалган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев компания жарандарды визасыз жана авиабилетсиз Ташкентке жөнөткөнүн билдирип, ага карата чара көрүү, анын ичинде лицензиясын жокко чыгаруу маселесин көтөргөн.