Жарнама

Тойдо жашы жете элек баланы тепкен жигит боюнча териштирүү башталды

26.11.26 | 13:43
Тойдо жашы жете элек баланы тепкен жигит боюнча териштирүү башталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Үлпөт тойдо жашы жете элек баланы тепкен жаран боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.

Маалым болгондой, окуя Сокулук айылындагы тойканалардын биринде болгон. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, жабыркаган жашы жете элек баланын, анын ата-энесинин жана тепкен жарандын өздүктөрү аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин үлпөт тойдо ырдап жаткан жигиттин кичинекей баланы тээп жибергени социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча