Жарнама

Колунда жок үй-бүлөлөр электр тогу үчүн башка жарандардай төлөй баштайт

26.11.26 | 16:07
Колунда жок үй-бүлөлөр электр тогу үчүн башка жарандардай төлөй баштайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

"Үй-бүлөгө" көмөк жөлөкпулун алган колунда жок үй-бүлөлөргө электр энергия үчүн каралган тарифтик жеңилдиктин ордуна акчалай компенсация берүү сунушталууда. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору учурда коомдук талкууга чыгарылды. 

Азыр "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган жарандар 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын бир киловаттына 50 тыйындан төлөйт. 700 киловатттан ашкандан кийин башка жарандардай эле 2.94 сомдон төлөшөт.

Учурда 50 тыйын деген жеңилдикти аталган жөлөкпулду алган 41.7 миң үй-бүлө пайдаланууда. Бирок батирди ижарага алып жашагандар электр энергия үчүн жеке эсеби болбогондуктан, бул жеңилдикти колдоно албай келишет.

Мындан улам Энергетика министрлиги 50 тыйын деген арзан тарифтин ордуна акчалай кенемте берүүнү сунуштоодо. Сунушка ылайык, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алгандар электр энергияны эл катары эле 1.64 сомдон төлөйт (азыркы 700 киловаттка чейинки тариф). Бирок 50 тыйын менен электр энергиянын тарифинин ортосундагы айырманы мамлекет акчалай бере турган болот.

Акчалай компенсация күн жылуу мезгилде, 1-апрелден 1-октябрга чейин 400 кВт/саат, суук мезгилде, 1-октябрдан 1-апрелге чейин 700 кВт/саат үчүн төлөнөт. Аталган токтом кабыл алынса, 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. 

Келерки жылдын күн суук мезгили үчүн компенсациянын өлчөмү айына 798 сом, күн жылуу мезгили үчүн 588 сом деп каралат. 

Электр энергия үчүн тариф көтөрүлгөн сайын төлөнө турган компенсациянын өлчөмү ошого жараша көбөйтүлүп турат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча