Пакистанда имарат кулап, адамдар каза болду
26.11.26 | 16:31
Пакистандын Карачи шаарында курулуп жаткан имарат кулап, 3 адам каза болду. Дагы 14 адам жаракат алганын Anadolu агенттиги билдирди.
Полиция имараттын ээси, жалданма фирманын өкүлдөрү жана кызмат адамдарынан турган 10 кишиге кылмыш ишин козгогон. Аларга шалаакылык жана өлүмгө себепкер айыбы тагылып жатат.
Маалыматка караганда Карачи шаарында кулаган имарат алты кабаттан турган. Куткаруу кызматтары урандылардын астында калган 3 кишинин сөөгүн жана жаракат алган 14 адамды алып чыгышкан.
Синд провинциясынын бийлиги курулуш жүргүзүү үчүн бир гана кабатка уруксат берилгенин, бирок имарат алты кабатка чейин тургузулганын билдирди.
Редактор
Редактор
Поделиться: