Жарнама

Кыргызстанда былтыр 327 жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп, алардын 315и төрөгөн

26.11.26 | 17:08
Кыргызстанда былтыр 327 жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп, алардын 315и төрөгөн КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда 2025-жылы 327 жашы жете элек кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынып, алардын 315и төрөгөн. Бул тууралуу 26-ноябрда Акыйкатчы институту Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме кылып маалымдады.

Алардын төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Дагы 39 жашы жете элек кыз бойдон алдырган.

Мониторинг Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен биргеликте Нарын жана Ысык-Көл облустарынын Кочкор, Ат-Башы, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жүргүзүлгөн.

Акыйкатчы институту жергиликтүү органдардын эрте никенин алдын алуу боюнча ишинде кемчиликтерди аныктаган. Айрым райондордо мындай иш системалуу түрдө жүргүзүлбөйт, ал эми тиешелүү иш-чаралар билим берүү бөлүмдөрүнүн пландарына кирген эмес. Ошондой эле бойго жете электе турмушка чыккан кыздардын окуусун улантып жаткандыгына тийиштүү көзөмөл жок.

Мониторингдин маалыматы боюнча, балдардын иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү тууралуу арыздарды кароодо көрсөтүлгөн жагдайларды көбүнчө текшерген эмес жана дээрлик бардык кайрылууларды канааттандырган.

Маселен, Жети-Өгүз районунда 2025-жылы нике курагын төмөндөтүү тууралуу 10 арыз, 2026-жылы беш арыз каралган. Бардык учурларда жашы жете электерге никеге турууга уруксат берилген.

Кочкор районунда 2025-жылы эки жашы жете элек кыз, 2026-жылы дагы экөө уруксат алышкан. Социалдык коргоо органдарынын маалыматы боюнча, төртөө тең кош бойлуу болгон.

Тоң районунда былтыр нике курагын төмөндөтүү тууралуу беш арыз, 2026-жылы бир арыз түшкөн. Мында комиссиялар документ менен тастыктоону талап кылбастан, кош бойлуулуктун негизинде никеге турууга уруксат берип келишкен.

Акыйкатчы институту ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу начар экенин белгилеген. Мисалы, Жети-Өгүз районунун төрөт үйү 2025-жылы бир жашы жете элек кыз, 2026-жылдын алгачкы алты айында дагы бирөө төрөгөнүн билдирген. Ошол эле учурда райондук милиция 2025-жылы эрте нике фактылары катталган эмес деп маалымдаган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкө боюнча жашы жете электер менен никеге туруунун 340 учуру катталган, бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштар жөнөтүлдү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча