Бажы кызматкерлеринин орточо маянасы миң доллардан жогору
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин орточо айлыгы 1 миң доллардан кем эмес. Бул тууралуу бүгүн ведомствонун төрагасы Улан Кимсанов "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, азыркы шартта бажы кызматындагы эмгек акынын деңгээли кыйла жогору. Ошол эле учурда ведомство укук коргоо органы макамына ээ болгондуктан, кызматтык маяналардын так өлчөмү жана төлөмдөрдүн толук тизмеси ачыкка чыгарылбайт.
"Бажы органынын ар бир кызматкери 2025-жылы мамлекеттик бюджетке 1,5 млн доллардан ашык каражаттын түшүшүн камсыздаган. Бул биздин статистикалык маалыматтарга ылайык, жок дегенде Евразия мейкиндигинде өтө жогорку көрсөткүч. Кызматкерлердин орточо айлыгы 1 миң доллардан кем эмес", - деди Кимсанов.