Кыргызстанда дары-дармектер бир жыл ичинде 8,2 пайызга кымбаттады
27.11.26 | 09:19
Кыргызстанда дары-дармектер бир жыл ичинде 8,2 пайызга кымбаттады. Мындай сандар статистикалык материалдарда камтылган.
Белгиленгендей, фармацевтика тармагынын продукцияларына болгон баалар 2025-жылдын декабрынан 2026-жылдын октябрына чейин 8,2 пайызга өскөн. Ошол эле учурда октябрь айында эле дары-дармек препараттары 1,5 пайызга кымбаттаган.
Ошондой эле амбулатордук медициналык кызматтар да кымбаттап, өсүш 11,3 пайызды түздү.
Ал эми он айдын ичинде ата мекендик дары-дармек өндүрүшүнүн көлөмү 15,4 пайызга көбөйдү.
Редактор
Редактор
Поделиться: