9-декабрдан тарта мопед жана скутерлерди каттоо милдеттүү болот
27.11.26 | 10:02
Өлкөдө 9-декабрдан тарта мопед, скутер, мокик, мотороллер жана электроскутерлерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү талап кылынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Мындай талап техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттарына да тиешелүү. Бензин менен жүргөн мопеддин кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпашы керек. Ошондой эле мындай транспортту башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.
Мекеме билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 10 айында Бишкекте мотоцикл, скутер, самокат жана электровелосипеддердин катышуусунда 372 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, 379 киши жаракат алган.
Редактор
Редактор
Поделиться: