Москвада 2027-жылдан тарта чет өлкөлүк жумушчулар үчүн патенттин баасы көтөрүлөт
2027-жылдын 1-январынан тарта Москвада чет өлкөлүк жумушчулар үчүн патенттин баасы жумуш берүүчүнүн макамына жараша 11 миң жана 15 миң 600 рублга чейин көтөрүлөт. Салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү Москва шаардык думасынын депутаттары кабыл алышты. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги билдирди.
Агенттик учурда Орусиянын борборунда иштеген эмгек мигранттары үчүн патенттин айлык баасы 10 миң рублду (121 доллар) түзөрүн эске салат. Бул — чет өлкөлүк жарандар аталган уруксат берүүчү документтин күчүндө болушу үчүн алдын ала төлөй турган төлөм.
Жаңы жылдан тарта мигранттар төмөнкүдөй өлчөмдө төлөшү керек болот:
уюмдарда, жеке ишкерлерде же жеке практика менен алектенген орусиялык жарандарда иштеген мигранттар үчүн айына 11 миң рубль (133 доллар);
жеке жактарда жеке жана үй-тиричилик муктаждыктары үчүн иштеген чет өлкөлүк жарандар үчүн айына 15 миң 600 рубль (189 доллар).
Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын өзүн жана үй-бүлөсүн багуусу үчүн зарыл болгон минималдуу кирешенин өлчөмү биринчи жолу белгиленди. Эгерде үй-бүлөдө экиге чейин адам болсо, бул көрсөткүч айына 60 миң рублду (729 доллар) түзөт. Ал эми чет өлкөлүк жарандын үй-бүлөсү үч же андан көп адамдан турса, минималдуу киреше 80 миң рубль (972 доллар) болушу керек.
Москва шаардык думасынын маалыматына караганда, депутаттар кабыл алган өзгөртүүлөр борбор калаанын беш мыйзамына тиешелүү жана федералдык мыйзамдардын жаңы талаптарын да эске алат.
Эмгек патенти визасыз режимдеги өлкөлөрдөн келген мигранттарга Орусияда иштөө үчүн зарыл. Мисалы, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын жарандары мындай уруксатты тариздеши керек. Ал эми Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарына эмгек патенти талап кылынбайт.
Бул документ анда көрсөтүлгөн белгилүү бир аймактын чегинде жана уруксат берилген ишмердүүлүк чөйрөлөрүндө гана жарактуу. Патенттин баасы Орусия Федерациясынын ар бир субъектисинде өзүнчө белгиленет.