Жарнама

Бишкектин тургуну мессенжер аркылуу шылуундарга алданып, үйүн сатып жиберген

27.11.26 | 11:11
Бишкектин тургуну мессенжер аркылуу шылуундарга алданып, үйүн сатып жиберген КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

WhatsApp Мессенжер аркылуу өздөрүн мамлекеттик органдардын кызматкерлерибиз деп тааныштырган шылуундар Бишкектин тургунун 3 миллион 810 миң сомдон ашык акчасынан ажыраткан. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, шылуундар жабырлануучуга "жашыруун операция" жүрүп жатканын айтып, ишендиришкен. Натыйжада жаран 238 970 сом насыя алып, акчаны алар көрсөткөн эсепке которгон. Мындан тышкары, өзүнө таандык үйүн да арзан баада сатууга көндүрүлгөн.

Бул факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 жана 23 жаштагы эки шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда. Милиция жарандарды WhatsApp аркылуу байланышкан белгисиз адамдарга ишенбөөгө, алардын көрсөтмөсү менен насыя албоого жана акча которбоого чакырат. Шектүү чалуулар болсо, 102 номерине кабарлоо керек.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча