Бишкекте электромопед жүргүнчүлөр өтмөгүнөн адамдарды сүзүп кетти
27.11.26 | 11:33
Бишкекте электромопеддин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнөн жолдон өтүп бара жаткан адамдарды сүзүп кетти.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя кечээ кечинде Манас проспектиси менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан (МККБ) окуя боюнча маалымат такталып жатканын билдиришти. Жабыркагандардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Редактор
Редактор
Поделиться: