Жарнама

Депутат ЖРТны биринчи жолу тапшырууну акысыз кылууну сунуштады

27.11.26 | 12:43
Депутат ЖРТны биринчи жолу тапшырууну акысыз кылууну сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) биринчи жолу тапшырууну акысыз кылууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн пикиринде, бүтүрүүчү биринчи жолкусунда керектүү балл ала албаса, кийинкисинин акысын ата-энеси төлөшү керек.

"Жылына 84 миллион сом кетет экен. Эки жолу тест тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Биринчи жолкусу мамлекеттин эсебинен төлөнгүдөй кылалы. Экинчисинде окуучулар өздөрү төлөгүдөй болсун", — деди Бекешев парламентте.

Ошондой эле ал айрым факультеттерге студенттер толук кабыл алынбай жатканын эске алып, кээ бир кесиптерге ЖРТ талабын алып салуу зарылдыгын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча