«Газпром Кыргызстан» кардарларды керектелген газ үчүн убагында төлөөгө чакырат
Кыш мезгили башталып, туруктуу суук түшөр алдында «Газпром Кыргызстан» абоненттерге өздүк эсептерин текшерип, газ үчүн болгон карыздарын төлөөнү сунуштайт.
Убагында төлөө — келишимдин шарттарын аткаруу гана эмес, кыш бою үйүңүздө жылуулук болушуна болгон ишеним.
Компания эскертет: эгерде газ берүү токтотулган болсо, карыз төлөнгөндөн кийин аны кайра калыбына келтирүүгө үч иш күнүнө чейин убакыт талап кылынат. Коопсуздук талаптарына ылайык, абоненттерди газга кайра туташтырууга газ кызматынын кызматкерлери гана укуктуу. Суук түшкөндө адистерди чакыруу боюнча өтүнмөлөрдүн саны адаттагыдай эле көбөйөт. Ошондуктан адисти күтүү убактысы узарышы мүмкүн.
Карыздын бар-жогун төмөнкү ыңгайлуу жолдор аркылуу текшерүүгө болот:
• «Мой газ» мобилдик тиркемесинен;
• gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен;
• Кагаз же электрондук эсеп-дүмүрчөгүндө;
• 4444 кыска номерине чалуу аркылуу;
• «Мой дом» сервисинен.
Эсепти онлайн режиминде «Мой газ», «Мой дом» мобилдик сервистери, ошондой эле банктардын тиркемелери (MBank, BAKAI жана башкалар) аркылуу төлөөгө болот. Төлөмдү жеке барып жүргүзүүнү каалагандар үчүн кардарларды тейлөө борборлору иштейт.