Жарнама

Баткенде салмагы 6 килограмм 200 грамм ымыркай төрөлдү

27.11.26 | 13:28
Баткенде салмагы 6 килограмм 200 грамм ымыркай төрөлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Баткен облусунда салмагы 6 килограмм 200 граммды түзгөн ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы Динара Каримова маалымдады.

Анын айтымында, наристени 41 жаштагы эне 24-октябрда аман-эсен төрөгөн. Эненин жана ымыркайдын ден соолугу канааттандыралык абалда болгондуктан, 2-ноябрда үйүнө чыгарылган.

"Бул эненин төртүнчү төрөтү болуп саналат. Ал эркек баланы 24-октябрда жарык дүйнөгө алып келди. Биз наристенин аман-эсен төрөлүшүнө абдан кубандык. Бул келин буга чейинки балдарын да чоң салмакта көтөрүп, 5700, 5600 кг салмакта төрөгөн", — деп белгиледи Динара Каримова.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча