Жарнама

Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн жарылуу коркунучу сакталууда

27.11.26 | 14:31
Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн жарылуу коркунучу сакталууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ала-Арча капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу көлдөрдүн жарылып кетүү коркунучу сакталууда — бул катуу сел агымдарына алып келиши мүмкүн. Табигый процесстерге эң аялуу аймактар катары Аксай жана Тез-Тор дарыяларынын өрөөндөрү саналат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана божомолдоо департаменти билдирди.

Мекемеден Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу көлдөрдүн пайда болушу жана кеңейиши тууралуу жарыяланган илимий изилдөөгө байланыштуу түшүндүрмө беришти. Адистер учурда Аксай, Адыгене жана Тез-Төр көлдөрүнүн абалына өзгөчө көзөмөл жүргүзүшүүдө.

Аксай көлү: 2023-жылы жарылуу коркунучу боюнча биринчи категорияга киргизилген. Кийинчерээк табигый нуктар аркылуу кооптуу көлөмдөгү суу агып чыгып, коркунуч азайган. Ошондон бери суунун деңгээли кайрадан кооптуу чекке көтөрүлгөн эмес.

Адыгене көлү: 2012-жылдан бери суунун деңгээлин жөнгө салып туруучу сифондук түзүлүш орнотулган. Ал жыл сайын ишке киргизилип турат.

Тез-Төр көлү: Адистердин эң көп көңүл буруусун талап кылган көл. Ал турукташпаган мореналык-мөңгүлүк көлдөрдүн катарына кирет — мындай көлдөрдө суунун кооптуу көлөмү бир эле сезондун ичинде топтолуп кетиши мүмкүн.

ӨКМ эске салгандай, 2012-жылы Улуттук илимдер академиясынын адистери Тез-Төр көлүнүн жарылышын окуяга эки жума калганда алдын ала божомолдошкон. Бул кесепеттерге даярдык көрүүгө мүмкүндүк берген.

Учурда ӨКМдин адистери илимий мекемелер менен биргеликте Ала-Арчадагы көлдөргө дрондор, спутниктик сүрөттөр, аэровизуалдык байкоолор жана талаа изилдөөлөрү аркылуу үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, көлдөрдүн тереңдигин өлчөп турушат.

Мындан тышкары, Кыргызстанда спутниктик маалыматтардын негизинде бийик тоолуу көлдөрдүн аянтын жана абалын көзөмөлдөөчү алыстан мониторинг жүргүзүүнүн улуттук платформасы ишке киргизилген. Жарылуу коркунучу бар көлдөрдүн каталогу жыл сайын жаңыртылып турат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча