Бишкекке 200 тез жардам бригадасы керек, азыр 50 бригада гана иштеп жатат
Бишкекке күнү-түнү иштеген 200гө жакын тез медициналык жардам бригадасы керек, бирок азыр 50 бригада иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкектин Ыкчам медициналык жардам борборунун башкы дарыгери Егор Борисов «АКИpress» агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, бригада калктын санына жараша болот. Эгер поликлиникаларга расмий түрдө бекитилген 1,3 млн адамды эске алсак, борборго 130 бригада талап кылынат. Бирок Борисовдун баамында шаарда 2 миллионго жакын адам жашайт, ошого жараша 200 бригада керек.
«Бизде азыр 50 бригада. Жакында эле 45 болчу, ага чейин чакырууларга 39 бригада чыгып жүргөн», - деди Борисов.
Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы буйругу калкты ыкчам жардам менен камсыздоонун нормативин өзгөрттү: эми күнү-түнү иштеген бригадага мурдагы 36 миң адамдын ордуна 20 миң адам туура келиши керек. Кийинки жылы саламаттыкты сактоо бюджетинде кошумча бригада түзүүгө каражат каралган.