Жарнама

Чынара Батракеева: ЖРТдан упай кошуп койгула деп депутаттар да чалышат

27.11.26 | 15:27
Чынара Батракеева: ЖРТдан упай кошуп койгула деп депутаттар да чалышат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун башчысы Чынара Батракеева чоңдор айрым абитуриенттерге ЖРТдан упай кошууну суранганын айтты.

Ал бүгүн "Эл үмүтү — Ата Журт" депутаттык тобунун жыйынында аталган тест борборун мамлекеттик башкарууга өткөрүүдө коррупциялык тобокелдиктер жаралышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Жыл сайын мамкызматкерлер, азыркы чакырылыштын депутаттары да чалышат. "Баланча балага упай кошуп койгула, баллы жетпей калыптыр" дегендер болот. Бирок биз муну документтештирген эмеспиз", — деди Батракеева.

Депутаттык топтун жетекчиси Дастанбек Жумабеков чалган депутаттардын аты-жөнүн талап кылды. Батракеева азыр эстеп, так айта албасын билдиргенден кийин, ал жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүнү сурады.

Ал эми Улугбек Ормонов депутаттардын телефондорунда кимге чалынганы катталарын айтып, ошол аркылуу аныктаса болорун кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча