Ош шаарында тогуз айдын ичинде 111 жашы жете элек кыз көз жарды
Ошто 2026-жылдын тогуз айында 111 жашы жете элек кыз төрөдү. Бул 2025-жылдын толук көрсөткүчүнө салыштырмалуу эки эсе көп. Мындай маалыматтарды эрте никеге туруу маселелерине арналган жыйында Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн эксперти Канзаман Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы түштүк борбордо 55 жашы жете элек кыз көз жарган. Алардын 20сы Ош шаарынын өзүнүн тургундары болгон.
Быйылкы жылдын тогуз айында төрөгөн 111 жашы жете элек кыздын 45и Ошто жашаган, калгандары аймактардан келишкен.
Мониторинг эки мамлекеттик стационарды жана үч жеке клиниканы камтыды.
Канзаман Тажибаев көрсөткүчтөрдүн өсүшүн шаардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн жетишсиздиги менен байланыштырды.
«Бул шаардык деңгээлде ведомстволор аралык иштердин жетишсиздигин, анын ичинде эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыктары, милиция жана билим берүү бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алсыздыгын айгинелейт», — деп белгиледи ал.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы кош бойлуулук боюнча каттоого 327 жашы жете элек кыз турган. Алардын 315и көз жарган. Төрөгөндөрдүн төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон.