Баткенде дагы бир ымыркай 5 кг 650 грамм салмакта төрөлдү
27.11.26 | 16:43
Баткенде 5 кг 650 грамм салмакта эркек бала төрөлдү. Бул тууралуу Кулунду жалпы дарыгердик-практикалык борборунун төрөт бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрда Жаштык айылынын 46 жаштагы тургуну көз жарган.
"Учурда эне-баланын абалы туруктуу. Бул келиндин алтынчы төрөтү болуп саналат", - деп белгилешти мекемеден.
Ымыркайга ата-энеси Имран деп ысым койгону жатышканы да айтылды.
Редактор
Редактор
Поделиться: